
Ош шаарында бир нече унаанын аккумуляторун уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Унаалардын аккумуляторун уурдап жүргөн К.Б. аттуу жаран кармалды. Ал 1980-жылы Кара-Кулжа районунда туулган, Ош шаарынын аймагында убактылуу жашайт. Бүгүнкү күндө бул жаран тарабынан 9 унаанын аккумуляторун уурдап, аларды арзан баада каалоочуларга сатып жибергендиги аныкталды. Айрым аккумуляторлорду талкалап, ичиндеги түстүү металлды металл алуучу жайларга өз баасынан бир топ арзанга өткөрүп турган", - деп билдиришти Ош шаардык милициясынан.
Шектүү жаран көбүнчө Хюндай Портер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдаган. Ал себебин бул унаанын аккумуляторун уурдоо оңой экендиги менен түшүндүргөн.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.