Кара-Балтада контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган завод аныкталды

Кара-Балтада контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган завод аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-мартта өндүрүштүк масштабда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, Кара-Балта шаарынын «О» ЖЧК заводунун ичинен акциздик маркалар менен 15 000 бөтөлкө өлчөмүндөгү даяр алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы табылды.

Тинтүү учурунда андан тышкары 28 тоннага жакын эсепке алынбаган этил спирти, 100 миңден ашык күмөндүү пайдаланылбаган акциздик маркалар жана башка компоненттер (пробка, фирмалык этикетка ж.б.) табылды.
Азыркы учурда кылмыш иши үчүн маанилүү болгон бардык жагдайларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан