"Жүк ташуучу унаа алып берем деген". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 12-мартта райондук милиция кызматына М.С. аттуу жаран Бишкектеги коммерциялык эмес кооперативдердин биринин директоруна чара көрүү өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылган. Анда соода борборлорунун биринен ишенимге кирип, алдоо жолу менен чет өлкөдөн жүк ташуучу унаа алып берем деген шылтоо менен жалпы суммасы 600 миң сом акча каражатын алып, андан соң убадасын аткарбай, изин жашырып кеткенин айткан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" беренеси менен катталган.

Шектүү катары 1982-жылы туулган Х.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары кармалган Ленин РИИБине дагы алты жазуу жүзүндө арыз түшкөн. Анда кармалган Х.И. ушул сыяктуу кылмыштар үчүн жоопкерчилик тартууну суранышкан. Учурда жалпы зыяндын өлчөмү такталууда.

Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар жогу текшерилүүдө.

Жогорудагы жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(703) 686-883, 0(707) 775-557, 0(708) 834-925 и 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан