Борбор калаада уурулукка шектелип 29 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте Свердлов РИИБинин кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматына Ж.Б. аттуу борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2021-жылдын 3-декабрында 15 000 сомдук шаймандарын алып, белгисиз тарапка качып кеткен адамга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине "уурулук" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 1993-жылы туулган П.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан