Бишкекте тоноочулукка шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, 9-мартта К.А. аттуу шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 9-мартта саат 10:00 чамасында Павлов жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен наркы 13 миң сомдук Samsung Galaxy A03 Core үлгүсүндөгү телефонун күч колдонуу менен алып качып кеткен жарандарга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине "тоноо" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип, 1993-жылы туулган Ш.М. жана 1997-жылы туулган А.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ленин райондук соту тарабынан шектүүлөргө карата 1 айлык мөөнөткө СИЗО-1ге киргизүү чечими чыгарылган. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө.