Бишкекте каракчылыкка шектүү 2 жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 18-мартта 1971-жылы туулган А. К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жарандар арыз ээсин бычак менен коркутуп, көзүнө газ балон чачып, каракчылык жолу менен "Чайка" үлгүсүндөгү 3 даана алтын саатын тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткенин айткан.
Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган А.С. жана 1989-жылы туулган Д.К. аттуу жарандар кармалып, Октябрь РИИБинин Тергөө кызматына жеткирилген.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, "каракчылык" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.