ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ: Ырчы Асел Кадырбекова туулган күнүн жакындарынын жанында белгилейт

Бүгүн, 19-мартта ырчы Асел Кадырбекова 31 жашка толду. Ырчынын туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, ырчы айым туулган күндү жакындарынын жанында белгилей турганын айтты.

"Туулган күнүмдү жакындарымдын жанында тосом" деп билдирди Кадырбекова.

Ырчы Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн. Ош облусундагы Финансы-юридикалык колледжди аяктап, ОшМУдагы Юридикалык факультетке тапшырган.

16 жашынан тарта шоу-бизнеске аралашып, 2010-жылы "Кыргыз кыздары" деген аталыштагы ыры менен чоң сахнага чыккан. Өткөн жылы Тумар радиосунда ди-джей катары иштей баштаган. Мындан тышкары Асел айым "Сүйүүнүн керемети", "Мандарин" тасмаларында роль жаратып, актриса катары таанымал.

Ырчы айымдын репертуарында "Жан кызым", "Жаныңда болсом дейм", "Апакем" аталышындагы ырлары бар.

19-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан