Сириядагы согуштук аймакка кетүү максатында жалдоо иштерин Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргүзүп жаткан чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар 1995-жылы туулган Н.Ш.М. жана 1998-жылы туулган Р.Т.С. аттуу жарандар болгон.
Азыркы учурда УКМК эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чараларын улантууда.