"Чепкен, калпак кийгизип...". Көк бөрү федерациясы америкалык ковбойлорго белек тартуулады (видео)

19-март күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда америкалык ковбойлор менен кыргыз көк бөрүчүлөрү күч сынашты.

Биринчи оюн 18-мартта өтүп, 6:5 эсебинде кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн жеңиши менен аяктаса, 19-марттагы экинчи оюнда ковбойлор 8:6 эсеби менен жеңишке жетишти.

Оюндун соңунда Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев америкалык ковбойлорго калпак, чепкен, ээр токум, камчы жана көк бөрүнүн күмүш төш белгиси менен сыйлады. Ошондой эле АКШнын Кыргыз жергесиндеги убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултерге дагы чепкен кийгизилип, күмүш төш белгиси тапшырылды.

Көк бөрү федерациясы америкалык ковбойлорго белек тартуулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан