
Ошто уурулукка шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү Бишкекте жашынып жүргөн.
"1999-жылы туулган Б.Ж`нын Ош шаарындагы коомдук жайларда жарандардын чөнтөгүнө кол салып, акчаларын, уюлдук телефондорун уурдап жүргөнү аныкталып, издөө жарыяланган. Ал Нарын шаарынан Ош шаарына келип уурулук менен алектенип жүргөн. Учурда кармалган жарандын үстүнөн 6 арыз түштү. Келтирилген чыгым 130 миӊ сомду түздү.
Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 205-берене менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - дешет маалымат кызматынан.