Поэтерапия: "Сүйүү деген - келбет эмес, көрк эмес. Өлчөөсү жок, аз эмес да, көп эмес"

Бүгүн кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмоновдун туулган күнү. Улуу акындын туулган күнүн утурлай, анын 35 жылдык аз, бирок саз жашаган өмүрүндө жазып калтырган чыгармаларынын арасынан сүйүү ырларынан топтодук.


СҮЙҮҮ ЖАНА МЕН

Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү,
Бермет, жакут, каухар кийип жолукту.

Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
Бирок сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
Кош деди да от карматты колума.

Экинчиси: андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз таш.
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас.

Аз дууладык жаштык, мастык оюнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга.
Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды жылаан байлап мойнума.

Менде айып жок…төмөнсүнбөйм эч кимге,
Андай болсо, "күнөө өзүңдө" деп билбе,
Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен,
Yчүнчүсү заар чачты бетиме.

Жылан таштап, заар төгүп, чачып от,
Эрк сеники, шылдың кылмак, ойномок.
Бирок түшүн, акылың кем жаш сүйүү,
Ошентсе да сенден көңүлүм калган жок!

Билем, анын туш тарабы терең жар,
Өзү зоока, куш жете албай болгон зар…
Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн,
Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар.

СУЛУУГА

Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба,
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда,
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген – сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген – от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бака миваларың келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен,
Сүйүү деген – сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген – сүзүп өтүү деңизден.

Сен бир жүзүм бышып турган мына бу,
Арманда эмес, бирок сенден кур калуу,
Сүйүү деген ырдоо эмес бал уурттап,
Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу.

Таттуусуңар, ачуусуңар сулуулар,
Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар.
Канча болсо сенин жибек көйнөгүң
Дал ошончо жүрөгүңдө сүйүү бар.

Бирок менин махаббаттым бир гана,
Бирок ал жок, эгер болсо ал гана?
Мага ишенбе, элес кылып бардыгын,
Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.

СҮЙДҮМ СЕНИ

Сүйдүм сени, көзүм түштү көркүңө,
Бир күндө эмес, бирге жүргөн көп күндө.
Мындай иштен унут калган жанымды
Салдың кайра махабаттын өртүнө.
Эгер шоолам, мени аясаң азыраак,
Сүйбө мени, мага бетиң өптүрбө.

Сүйдүм сени, сүйүү эрки бат чакта,
Азга жетпей, көптөн куру калсак да.
Алда качан унут калган нерсени
Алек кылып, алсыратып чарчатпа.
Эгер күнүм, мени аясаң азыраак,
Жакындатпа жаш колуңду карматпа.

Түшүн эркем мааниси бар булардың,
Неге сенден сүйбөгөн деп сурадым?
Эгер сүйсөң: көргө башым кирсе да,
Кол алдыңа кулдук уруп турармын.
Ошондуктан сүйбө деди жалынып,
Сүйүп калсаң кимге менин убалым?

СҮЙҮҮ – КЫЯЛЫ

Сүйүү деген: келбет эмес, көрк эмес,
Өлчөөсү жок, аз эмес да, көп эмес.
Арбыныраак ысыгынан суугу,
Толкун эмес, бороон эмес, өрт эмес.

Мүнөзү жел, тең жүрө албайт, бөлүнөт,
Жүрөгү суу, көңүл калат, төгүлөт.
Сүйүү деген: арзан, кымбат баасы жок,
Тек гана бир кыял нерсе көрүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан