Боом капчыгайында унаа жол жээгиндеги тосмону сүзүп, 3 адам каза болду

Боом капчыгайында унаа жол жээгиндеги тосмону сүзүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 20-март күнү саат 15:30 чамасында Бишкек- Нарын-Торугарт жолунун 138-чакырымында болгон. Анда 30 жаштагы К.Т. аттуу айдоочу Honda Stepwgn унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги тосмону сүзүп токтогон.

Жол кырсыгынан жүргүнчү катары бара жаткан 35 жаштагы Ш.Т. жана Б.Г. аттуу 2 аял ошол жерден каза болгон. Ал эми айдоочусу К.Т. алган жаракатынан улам Кемин райондук ооруканадан каза болгон.

Дагы бир жүргүнчү жаракат алып, Кемин райондук ооруканага жаткырылган.

Учурда унаа айып аянтчасына жеткирилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан