Өзгөндөгү көмүр шахтада 3 Кытай жараны каза болду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы көмүр шахтада 3 Кытай жараны каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 19-марттан 20-мартка караган түнү Өзгөн районунун Салам-Алик айылында болгон. Анда шахтада оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан 3 адамды көмүр аралаш таш көчүп басып калган.

"Каза болгондор Кытай жарандары болгон. Бул окуя боюнча учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан