Чүйдө унаа уурдап качкан жаран кармалды

Чүйдө унаа уурдап качкан жаран кармалганын милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кечээ, 20-мартта М.А. аттуу адам арыз менен кайрылып, ошол эле күнү Виноградный айылынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан мончонун алдында токтоп турган Фольксваген унаасын белгисиз адамдар айдап качып кеткенин билдирген.

Бул боюнча Чүй жана Бишкек шаарынын аймагына багыттамалар берилип, анын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери унааны табышкан. Алар Бишкек шаарына кирип бара жаткан унааны токтотууга аракет кылышканда, унааны уурдаган адам баш ийбей качкан. Аны милиция кызматкерлери кууп жетип кармап, Аламүдүн райондук Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткиришкен.

Ошондой эле анын жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан