Бишкектеги М.Фрунзе атындагы Кыргыз
мамлекеттик мемориалдык үй-музейинде 27-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына
карата “Чыңгыз Айтматов дайыма биздин жүрөктө” аталыштагы көчмө
көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу уюштуруучу топтун өкүлдөрү
билдиришти.
Маалыматка
караганда, көргөзмөдө улуу жазуучунун фотоматериалдары, документтери, анын жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндөгү китептер коюлат. Ошондой эле
бул көргөзмөдө Чыңгыз Айтматовдун жашоосун чагылдырган фотосүрөттөр
келгендердин назарына сунушталат.
Мындан сырткары Чыңгыз Айтматов тууралуу кыска метраждуу тасмалар
көрсөтүлөт.