
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, кармалган жаран Тажикстандын Согди облусунун тургуну.
"Ыкчам кызматкерлер 1975-жылы туулган Сидикзода Нигинаны Сүлүктү шаарындагы ашканалардын биринде иштеп жатканда кармашты. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Сидикзода Нигина мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү белгилүү болду.
Бул факты 378-берене (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда Сидикзода Нигина убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - дешет мекемеден.