Бишкек шаарында уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-мартта М.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар 5-мартта соода борборлордун бириндеги бутиктен 16 000 сомдук Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап, из жашырып кетишкени маалымдалган.
Бул факты Свердлов РИИБинде катталып, тергөө иштери башталган.
Жогорудагы кылмышка шектелип 1989-жылы туулган Ш.Ж. жана 1991-жылы туулган И.А. аттуу жарандар кармалган. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.