S-LINE кооперативинин жетекчиси Бакыт Аалиев абактан чыкты

S-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Аалиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 22-мартта Ош шаардык сотунда S-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Аалиевдин баш коргоо чарасы каралды. Анын жыйынтыгында, сот аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле анын мурда баш коргоо чарасын караган сотко Аалиев ишенбөөчүлүк көрсөтүп, бул жолу башка сот иш алып барганын билдиришти.

Эскерте кетсек, Бакыт Аалиев жетектеген S-LINE турак жай кооперативинин үстүнөн ондогон адам арыз менен кайрылып, 40 миллион сомдон ашуун акчаларын алдатканын айтышкан. Милиция Аалиевди камакка алып, 17-мартта сот тергөө иштери бүткөнгө чейин аны камакта кармоо чечимин чыгарган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан