Ырчы Азалия Дүйшөналиева менен жолдошу Данияр наристе күтүп жатышат. Түгөйлөр 2 айдан кийин ата-эне болушат. Бул туурасында Азалия айым тарабынан маалым болду.
"Учурда кош бойлуулуктун 7чи айындамын. Үй-бүлөбүздүн курчоосунда гендер пати (курсактагы баланын жынысын билүү) өткөрдүк. Жакында ачыктайбыз", - деди ал.
Эске салсак, Азалия Дүйшөналиева 2021-жылы сүйүктүүсү Данияр мырзага турмушка чыккан. Алар Түркиядан баш кошушкан.
Ырчы “Өмүр белеги”, “Жаныңда” деген ырлардын аткаруучусу, “Кыз-Бурак” тобунун мурунку солисти.