Баткенде кыргыз чек арачысы Тажикстандын чек арачылары тарабынан сабалды. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан тастыктады.
Мекеменин маалыматына ылайык, окуя 19-мартта Лейлек районунун Сада жерлигинде орун алган.
"Лейлек чек ара отрядынын кызматкери кызмат өтөө учурунда чек ара тилкесине жакын жерден белгисиз унааны аныктап, аны кармоого аракет кылган. Бул учурда Тажикстандын чек арачылары чек ара тилкесинен өтүп кирип, кыргызстандык чек арачыны кармашкан.
Окуя тууралуу маалымат алынары менен Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда дароо сүйлөшүүлөр жүрүп, кармалган аскер кызматкери кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген. Чек арачынын денесине кароо жүргүзүлүп, башы сынып, териси сыйрылып, кийими кан болгону белгилүү болду.
Ал эми аскер кызматкеринин айтымында, тажик чек арачылары менен анын ортосунда жаңжал чыккан. Учурда чек арачынын абалы туруктуу деп бааланууда, ал стационардык дарыланууда", - дешти маалымат кызматынан.
Бул факты боюнча УКМКнын Чек ара кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.