Баңгизаттарды сатуу менен алектенгендердин үстүнөн коргоп жүргөн ИИМдин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 килограмм баңгизатын алып өтүү аракети менен мурда кармалган М.А. жана К.М. карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында бул кылмыш ишине катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда кылмыш болгон жерден качып кеткен О.А. аттуу жаран кармалды.
Ошондой эле алардын колдоочусу катары милициянын отставкадагы полковниги Р.Ю. кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда баңгизаты табылган. Бул жагдай анын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктаган.
Азыркы учурда О.А.Ы. жана Р.Ю.М. Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.