Түрк мамлекеттер уюмунун кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров менен кызматташтыкты талкуулады

22-мартта Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга келди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2021-жылдын ноябрь айында Стамбулда өткөн саммиттин жыйынтыгында Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөргөн.

Аксакалдар кеңеши Түрк мамлекеттер уюмунун максаттарын ишке ашырууда туруктуу консультациялык бөлүм катары иш алып барат.

Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин 12-жыйыны 2022-жылдын 9-11-февралында Стамбулда өттү. Кийинки жолугушуу Кыргызстанда июль айында өтүшү күтүлүүдө.

Аксакалдар кеңешинин көрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстандагы жолугушууларында "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы-2040" документинин алкагында экономика, соода, транспорт, инвестиция жана маданият тармагындагы кызматташтык маселелерин кыргыз лидери менен талкуулады. Бул алкакта Бинали Йылдырымды президент Садыр Жапаров кабыл алды, андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен, ошондой эле Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмундагы аксакалы Медеткан Шеримкулов менен жолугушту.

Бинали Йылдырым сапарынын алкагында Кыргыз-Түрк "Манас" университетине барды жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде Ахыскалык түрктөр коомунун өкүлдөрү жана мекендештери менен жолугушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан