Бүгүн, 23-мартта Нарында Япония мамлекетинин "Бир айыл - бир продукт" долбоору алкагында жеке ишкерлер жасаган азык-түлүктөрүн көрсөтүп, жасалуу технологиялары менен тааныштырышты. Анда жергиликтүү ишкер Нурбек Мусалиев печеньеге курут кошулуп жасаларын айтты.
"Башка печеньелерге салыштырмалуу 50 грамм менен адамга керектүү витаминдер менен камсыз кылуу. Экинчиден каражатты үнөмдөө менен пайдалуу, керектүү азыкты сатып алуу. Негизги ишкерликти баштаганыбызга 4 жылдай болуп калды. Бирок сактоо мөөнөтү, жаңы технологиялар менен жасоого киришкенибизге 6 айга чукул убакыт болду. Печеньелерди эки адам жасап жатабыз. JICA'нын 2 жыл мурун окууларына катышып баштагам. Азыркы учурда JICA азыкты жасоо технологиялар, этикеткасына, сатуу жаатында көмөктөшүп келүүдө. Азыктарыбыз Бишкек шаарында сатылат", - деди жаш ишкер.