Бүгүн, 23-мартта Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде республикалык олимпиаданын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, республикалык олимпиадада 324 окуучу 10 предмет боюнча билимдерин сынашты.
Ошондой эле олимпиадага билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова катышып, окуучуларга ийгилик каалады.
Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республикалык олимпиада акыркы 2 жылдан бери өткөрүлбөй келген.