Бишкектеги 115 дүкөндө материалдык резервдер фондунан алынган товарлар сатылууда

Бишкектеги 115 дүкөндө өлкөнүн материалдык резервдер фондунан алынган товарлар сатылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы 115 дүкөндө материалдык резервдер фондунун каражаттарынан социалдык маанидеги товарлар – кант жана өсүмдүк майы сатылууда.

Алар:

Ленин районунда 43;

Биринчи Май районунда 26;

Свердлов районунда 27;

Октябрь районунда 19 дүкөн бар.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун каражаттарынан Бишкек шаарына социалдык маанидеги товарлар – 200 тонна кумшекер жана 80 тонна өсүмдүк майы бөлүндү. 52620 литр өсүмдүк майы, 128,2 тонна кумшекер сатылды. Соода түйүндөрүндө кумшекердин 1 килограммы 70 сомдон, өсүмдүк майынын 1 литри 130 сомдон сатылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан