Төкмө акын, манасчылар Таласта. Азамат Болгонбаевге ат мингизишти

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акындары, манасчылары аймактарды кыдырып, калың элге өнөрлөрүн тартуулап келишти. Бул ирет өнөр ээлери Талас облусунун Манас районунда болушту.

Аталган аймактын тургундары Кыргыз Республикасынын Эл акыны Азамат Болгонбаевге ат мингизип, калган өнөр ээлерине тон кийгизип, кадырлап тосуп алышты.

"Чоң-Капка айылына атайын Нооруз майрамына карата чакырышкан. Тилекке каршы, бул жакта бир эле күн өнөр тартууладык. Кийин дагы кыдырабыз. Манасчы Нурбек Талантбеков, төкмө акын, актёр, обончу Максат Кулуев жана мен өнөр тартууладык. Чоң-Капка айылындагы байсуу уругунун элинин атынан Урмат Жакшымбетов агабыз күлүк тартуулады. Эл кыдыруу демилгебиз улуттук "Манас" театрынын колдоосу менен улана берет", - дейт төкмө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан