"Балыкчы-Кочкор" темир жолун курууга даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда "Балыкчы-Кочкор" темир жолун курууга даярдык иштери жүрүп жатат. Атап айтканда, маршруттун баштапкы тилкесинде төмөнкүдөй жумуштар аткарылууда.
Жерди казуу жана алып салуу;
Шагыл менен кайра толтуруу;
Дренаждык жумуштар;
Темир-бетон шпалдарын төшөө үчүн шагылдары жайгаштыруу;
Жебе котормосун жайгаштыруу.
Жакынкы арада "Балыкчы-Кочкор" темир жолунун курулушунун расмий ачылыш аземи күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.
Учурда "Кыргыз темир жолу" ишканасы тарабынан "Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече" (186 чакырым) темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Биринчи этап узундугу 63 чакырымды түзгөн "Балыкчы-Кочкор" темир жолунун курулушун камтыйт.