Кыргызстандан 700 миллион долларды мыйзамсыз чыгарган кытайлык аялга сот өкүмү чыкты. Ал Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы бир нече кыргызстандык менен бирге Кытай жараны 697 миллион 591 миң долларды Кытайдагы бир компанияга которушкан. Ал үчүн бир канча фирманын жана бир банктын эсептери колдонулган. Ал топтун ичинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси жана "Халык банк Кыргызстан" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары болгон.
Тергөө учурунда чет элдик жаран укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кызматташып, күнөөсүн моюнуна алган.
Бул иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, 700 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен адамды 260 миң сом айыпка жыгып, үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган.