Нарын шаарында Япониянын "Бир айыл - бир продукт" долбоорунун алкагында бир катар ишкерлерге жеңилдиктер берилип келет. Алардын катарында жергиликтүү ишкер Гулзада Мааметова дагы бар.
Ишкер айымдын айтымында, ышталган чучукту жаңы технология менен жасоо иштерин 2020-жылы баштап, азыр Бишкек шаарында сатууга жетишкен.
"Эт менен ишкерлик жүргүзгөнүбүзгө 20 жылдан ашуун убакыт болуп калды. Ал эми Нарын шаарында 2019-жылы эт дүкөнүн ачканбыз.
2020-жылы Jica'дан өкүлдөр келип ышталган чучукту өндүрүү боюнча сунуштарды киргизишкен. Андан соң анын технологиясын үйрөтүштү. Мындан тышкары этикеткасын дагы иштеп, жасап беришти. Аталган уюм биз жасаган азыкты Бишкекте (ред.: Токтогул көчөсү 140) сатып берип, колдоо көрсөтүп жатат.
Ышталган чучуктун сактоо мөөнөтү 15 күн (муздаткычта). Ал эми тондургучта сактаса 3 айга чейин бузулбайт. Бишкекке азыктарыбызды ай сайын жөнөтүп турабыз", - деди Мааметова.
Белгилей кетсек, Япония мамлекетинин "Бир айыл - бир продукт" программасын Кыргыз өлкөсүндө JICA эл аралык уюму ишке ашырууда.