Нарын шаарынын 25 жаштагы тургуну Эржан Төлөбек уулу шаардагы чакан кеңседе булгары иштетип, ээр-токум, кур, капчык сыяктуу буюмдарды жасап, эл кызматын аркалап келет.
Ал Бишкектеги Семён Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайында тери иштетүү жаатында билим алган.
Анын айтымында, булгары иштетүү менен алектенип жатканына эки жылдын жүзү болду.
"Нарынга келип, ишкерлик баштагандан кийин эле "Бир айыл - бир продукт" программасына кошулгам. Ал жакта эксперттер менен идея, дизайн тууралуу баарлашып, талкуулайбыз.
Күнүмдүк турмушта керектелүүчү ат жабдыктарды, кур, капчык, сумка сыяктуу буюмдарды жасайм.
Азыркы тапта өзүбүздүн бренд брелокторду чыгарып, алар Бишкекте сатыла баштады.
Мындан тышкары жасаган буюмдарымды чет өлкөлөргө экспортко чыгарсам деген изги тилегим бар. Бул үчүн учурда "Бир айыл - бир продукт" программасынын алкагында аракеттер жасалууда", - деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүндө Япония мамлекетинин "Бир айыл - бир продукт" программасын JICA уюму ишке ашырууда.