Бүгүн, 24-мартка карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын 9у Бишкек шаарында катталса, экөө Чүй облусунда катталган.
Муну менен 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 200 миң 847ге жетти.