Башкы прокурор: "Мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерге кысым көрсөтүү жоюла элек"

Башкы прокуратуранын алдындагы ишкерлердин, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңеш бүгүн, 24-мартта биринчи отурумун өткөрүүдө.

Жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев кеңештин максаты экономикага оң жыйынтык берген бизнес коомчулукту коргоо экенин белгиледи.

"Ишкерлерди колдоо, алардын укугун коргоо боюнча мамлекетибизде бир жылдын ичинде көптөгөн жылыштар болду. Бирок ага карабастан мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерге болгон кысым же болбосо башка мыйзам бузуучулуктар акырына чейин жоюла элек", - дейт Зулушев.

"Себепсиз күмөн саноо, текшерүүлөр, күмөн саноолор ишкерлердин ишин аксатып, инвесторлор азайды. Мамлекет бай инвесторлорду коргой албаса жаңы инвесторлорду тартып келүү кыйын болуп калат. Бизнес коомчулук дайыма мамлекет менен диалог түзгөнгө аракет кылып келет", - дейт Американын Кыргызстандагы палатасы ассоциациясынын төрайымы Назира Тутанова.

Жыйынга башкы прокурор, экономика министри, салык кызматынын төрагасы, бизнес акыйкатчы, бажы кызматынын жетекчиси, ишкерлер чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан