Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк чырдан улам атасы баласын бычактап, ал ооруканага жетпей каза болду

Ысык-Көл облусунда үй-бүлөлүк чырдан улам атасы баласын бычактап, ал ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 23-март күнү Түп РИИБине ооруканадан 27 жаштагы жаран бычактан жаракат алып түштү деген маалымат берилген.

"Жабырлануучу Тасма айылынын тургуну. Дарыгерлер текшерүүгө алганда ал каза болуп калганын билишкен. Бул факты каттоого алынып, териштирүүдө окуя үй-бүлөлүк чырдан улам келип чыкканы аныкталган.

Шектелип кармалган маркумдун атасы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан