Өлкөнүн прокуратура органдары тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча 190 иш текшерилди. Бул туурасында бүгүн, 24-мартта ишкерлердин, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 1 жыл ичинде ишкерлердин даттануусу боюнча 190 текшерүү жүргүзүлүп, анда 573 мыйзам бузуу аныкталды.
"Мыйзам бузууларды четтетүүдө 160 сунуш, 7 талап, алдын ала 5 эскертүү жана тартиптик өндүрүштү козгоо жөнүндө 3 токтом чыгарылган. Актылардын негизинде 125 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Ошондой эле мыйзам талаптарын бузуу менен кабыл алынган ченемдик укуктук актысын жокко чыгаруу максатында 7 каршылык келтирилип, 16 материал Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 1 доо арыз сотко жөнөтүлгөн", - дешет прокуратурадан.