Ош облусунда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 1500 литр спирт камтылган продукция аныкталды

Ош облусунда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 1500 литр спирт камтылган продукция аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунда рейддик иш-чаранын жүрүшүндө спирт камтылган продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшү аныкталды. Тактап айтканда, унаа кармалып, анын ичинде продукцияга уруксат берүүчү коштомо документтери жок спирттин спецификалык жыты бар 2 желим идиш табылган. Спирттин спецификалык жыты бар 1 миң 500 литр суюктук тартып алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тартып алынган продукция жергиликтүү этил спиртин өндүрүүчүлөрдүн бири тарабынан жеке адамдарга берилген, алар өз кезегинде аракты кустардык ыкма менен өндүрүү үчүн колдонушкан. Ишкердик субъектиге карата мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Белгилей кетсек, алкоголдук продукцияны кустардык ыкма менен даярдоо мамлекетке өлкөнүн бюджетине салыктардын тиешелүү суммасын төлөбөө түрүндө зыян келтирет, ошондой эле контрафакттык алкоголдук продукцияны колдонгон жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан