Камчыбек Ташиев: "1-апрелден тарта аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөйт"

1-апрелден тарта өлкөдөгү аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын айлыгы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

Анын айтымында өлкөдө он миңдеген аскер кызматкерлери жана укук коргоо кызматкерлери бар. Алар 1-апрелден тарта айлык көтөрүлөт деп күтүп жатышкан.

"Биз муну ачык айтышыбыз керек. 1-апрелден баштап биздин айлык акы көтөрүлбөйт. Себеби алар муну күтүп жатышкан. Биз алардын айлыгын 1-августтан тарта көтөрүлөт деген планды киргизип жатабыз", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан