Украинадагы кырдаал: Акылбек Жапаров Кыргызстандын позициясын айтты

Бүгүн, 24-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жыйынын өткөрдү.

Жыйында Акылбек Жапаров Украинанын айланасындагы кырдаалга токтоп, Кыргызстан мында калыс эле болушу керектигин белгиледи.

"Украинанын айланасында болуп жаткан окуялардын кесепети жана саясий кырдаал бардык мамлекеттердин социалдык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат. Кризис кайрадан дүйнөнү басты. Президентибиз айткандай биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан