Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарынын милициясы 2 килограммдан ашуун баңгизатын мыйзамсыз сактаган жаранды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнө Леха аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүрөт деген маалымат келип түшүп, анын негизинде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп баштаган.
"Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Майлуу-Суу шаарынын 1975-жылы туулган С.А. аттуу тургуну үйүндө баңгизатын сактап, бекитип койгондугу аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.