Бишкекте
5-декабрда “Мачо” экшн" кинокомедиясынын бет ачары болот. Бул тууралуу SUPER.KG
порталына аталган тасманын режиссёру Аман Замир билдирди.
Тасманын режиссёру
буга чейин Түркиянын Стамбул шаарында сериалдар менен иштешкенин жана
“Мачо” экшн комедиясы Кыргызстандагы анын толук метраждуу алгачкы эмгеги экенин
белгилеп өттү.
“Фильмде куудулдар Күмөндөр Абылов, Жамбыл Камчиев, актёр Чоро
Дубанаев, каскадёр Адилет Акматов, "Тамашоунун" жигиттери жана Кыргыз драма
театрынын актёрлору катышышты. Тасмадагы унаалардын жарышын Токмокко барып тартып
келдик. Буга чейин ондогон тасмаларда роль жараткан Адилет Акматов фильмдеги
образын мыкты ачып берди”,- дейт Аман Замир.
Азыркы тапта тасманын бет ачарын өткөрүүгө камданып жатканын жана ал “Манас” кинотеатрында болорун
кошумчалады.