Өлкөдө июнь айына чейин жете турган кумшекердин запасы бар

Кыргызстанда кумшекердин запасы июнь айына чейин жетет. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

"Коомчулук кумшекер жок калат деп ажиотаж болуп, базарларда мүшөктөп кумшекер сатып алууга киришкен. Биз буга чектөө койгонбуз. Азыр чоң супермаркеттерде 1 килограммдан ашык берилбейт. Бул биздин койгон баанын негизинде сатылат. Азыр жарандарыбыз кумшекерди 78 сомдон сатып алса болот.

Азыр биздин соода жүгүртүүчүлөргө кумшекер көзөмөлдөнүп берилип жатат. Азыр биздин запаста миң тонна кумшекерибиз бар. Биздин эсеп боюнча бул июнь айына чейин жетет", - деди Амангелдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан