"Башыңар менен жооп бересиңер". Камчыбек Ташиев азык-түлүк коопсуздугуна жооптуу үч министрди атады

Бүгүн, 24-мартта министрлер кабинетинин антикризистик планы боюнча жыйыны өтүүдө.

Жыйында Камчыбек Ташиев өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча жеке жоопкерчиликти экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, каржы министри Алмаз Бакетаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев аларын айтты.

"Сиздер жоопкерчиликти аласыздар. Бизде кампада канча ун, кумшекер бар экенин, аны кайдан сатып алууга болорун, божомолдорду, келишимдерди так билишиңиздер керек. Алдын ала иштегиле. Эгерде өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча суроолор жаралса, анда бул үч министр башы менен жооп берет. Ошондуктан иштегиле", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан