Ысык-Көл облусунда калың жааган кардан улам ашуулар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-мартта кар калың жаагандыктан Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды.
- 24-марттан 26-мартка чейин Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-112- чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду.
- Чоң-Ашуу ашуусуна жааган кар калың болгондуктан унаа жол жабык. Тазалоо иштери аймакта бороон-чапкын болуп жаткандыгына байланыштуу токтотулду.
- 22-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон - Ак-Шыйрак - Сөөк ашуусуна каттаган унаа жолунун 58-59-чакырымынын төрт тилкесинде 10 000 м3 кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабык, тазалоо иштери жүрүүдө.
- Түп районунун Түп – Кеген унаа жолуна кар калың жаагандыктан жол эки тараптуу жабылган. Учурда тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.
Жабыркагандар катталган жок. Бардык жерде жергиликтүү жол тейлөө мекемелеринин техникалары тартылып, иш алып барууда.