Камчыбек Ташиев: "Баткендеги чек арадан бир килограмм кумшекер дагы өтпөсүн"

Бүгүн, 24-мартта министрлер кабинетинин антикризистик планы боюнча жыйыны өтүүдө. Анда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев азык-түлүк коопсуздугу жаралып жаткан маалда бажы кызматы чек арада тирүү калкан болуп турушу керектигин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө негизги тапшырмалардын бири элди азык-түлүк менен камсыздоо. Бул жерде бажы кызматынан адамдар барбы? Бажы кызматы, ички иштер министрлиги, УКМК жана салык кызматы чогуу Баткен облусундагы чек арада бир килограмм кумшекер, ун, өсүмдүк майы өтүп кетпеши үчүн тирүү калкан болуп турушу керек. Бул негизги тапшырма. Аларда ундун, кумшекердин баасы бизден бир жарым эсе кымбат. Өсүмдүк майы такыр эле жок. Ошондуктан алар Кыргызстандан алып кетүүгө камынып жатышат. Өзүңөрдүн кызматкерлериңерге катуу тапшырма бергиле, бир килограмм кумшекер дагы өтпөсүн. Өзгөчө бажы кызматы начар иштеп жатасыздар", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан