Америкада бороондун кесепетинен 13 адам каза болду

Америка Кошмо Штаттарындагы бороондон улам бүгүн, 26-ноябрда 13 адамдын каза болгону дайын болду. Чет элдик маалымат булактарынын кабарлашынча, табият кырсыгы Американын батыш тарабында жайгашкан Калифорния, Аризона, Нью-Мексико, Оклахома жана Техас шаарларында жашаган адамдардын өмүрүн алып кеткен.
Мындан тышкары унаа тыгындарынын көптүгүнөн, жол кырсыктарынан, бак-дарактардын кулашынан, электр зымдарынын үзүлүшүнөн улам бир катар америкалыктар зыян тартышууда. Алтургай айрым аймактарда жааган кардын бийиктиги 30 сантиметрге жетип, температура -10 градус суукка төмөндөп кеткен.
Белгилей кетсек, АКШдагы бороон 21-ноябрь күнү Түштүк Каролинада башталып, күн сайын башка штаттарды каптоодо. Эртең, 27-ноябрда бороондун Нью-Йоркко келиши күтүлүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asus84
2013-11-26 10:51:04
кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан