Ушул жылдын 1-апрелинен тарта өлкөдөгү мугалимдердин айлыгы 80 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев бүгүн, 24-мартта өткөн министрлер кабинетинин маалымат жыйынында айтты.
"1-апрелден баштап өлкөдөгү 309 миң адамдын айлыгы көтөрүлөт. Буга мугалимдер, дарыгерлер, маданият өкүлдөрүнүн кызматкерлери кирет. Биз азыр карап жатабыз, орточо эсеп менен билим берүү тармагында иштегендердин айлыгы 80 пайызга чейин көтөрүлөт. Мисалы, университетти кечээ эле бүтүп, бүгүн мугалим болуп иштеп баштагандар колуна 20-21 миң сом алат. Азыркы учурда мындай категориядагы мугалимдер 4-7 миң сом айлык алат", - деди Бакетаев.
Каржы министри буга жалпы 26 миллиард сом керектелерин белгиледи.