Баткенде былтыртан бери мал уурулук менен алектенип жүргөндөр кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда уурулукка шектүүлөр кармалды. Алар мал уурдап сатып жүргөн дешет облустук ички иштер башкармалыгынан.
Маалыматка караганда, Раззаков айылынын 27 жаштагы тургуну Майтонбоз жайытындагы короосунан белгисиз адамдар койлорун уурдап кеткендигин айтып арызданган.
Бул арыз 205-берене (Уурулук) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө 4 баш кой козулары менен уурдалганы аныкталды. Ал эми кылмышка шектүү катары Сүлүктү шаарынын 21 жаштагы Н.уулу Н. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар былтыркы жылы 7 уурулук жасаганы белгилүү болду. Ал эми 8 баш уурдалган кой ээсине кайтарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - дешет мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан