“Унутпа мени”, “Атам менен апама” деген ырлары менен белгилүү болгон ырчы Динара Тилекеева көз жарды. Ал Жалал-Абаддын Сузак районундагы төрөтканада уулун жарык дүйнөгө алып келди.
"19-мартта саат 06:06да уулдуу болдук. Балабыз 3 килограмм 800 грамм салмакта төрөлдү. Чоң ата, чоң апасы, таята, таенеси, өкүл ата, апабыз болуп кеңешип, мындан ары жалгана берсин деп Жалгас деген ысым ыйгардык. Азыр кантип таң атып, күн батып жатканын билбей жаткан учурубуз", - дейт ырчы.
Ырчынын биринчи турмушунан бир кызы бар.