Ысык-Көлдө 15 жашар Асема Орозалиева дайынсыз болуп изделүүдө

Ысык-Көлдө Асема Орозалиева дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15 жаштагы Асема Орозалиева 23-мартка караган түнү Түп айылынын Сарыбагышев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.

Белгилери: Ак жумал, дене түзүлүшү толугураак, бою 170-175 сантиметр. Көзү, кашы кара, чачы кара жана кыска.

Ошол күнү кара күрмө, ак-кара түстүү чаралекей спорттук шым, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим, көтөргөн сумкасы рюкзак, агыш түстөгү баш кийим кийип жүргөн.

Асема Орозалиеваны көргөндөр болсо, төмөнкү телефон номерлерге кабарлап коюуну укук коргоо органдары өтүнөт. 102, 0704 254345.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан