Бишкекте Бангладештин жарандары кулчулукка кабылды деген маалымат боюнча милиция иликтеп жатат

Бангладештин жарандары кулчулукка кабылды деген маалымат боюнча милиция иликтеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-мартта ИИМдин Тергөө кызматына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде Бангладеш Республикасынын жарандарын жергиликтүү бир тургун мыйзамсыз кулчулукта кармап, зордук-зомбулук көрсөтүп, коркутуп, уруп, тигүү цехинде иштетип жүргөнү үчүн мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Анын алкагында Бангладеш Республикасынын 14 жараны Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жайгашкан үйдүн короосуна салынган тигүү цехинде иштеп, жашап жаткандыгы аныкталган. Ал цехте “Али и Агзама” жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим аркылуу иштешкен жана Кыргызстанда иштөөгө уруксат документтери болгон.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, Бангладештин жарандары келишимдин негизинде иштеп жүрүшкөндүгүн, аларга карата эч кандай зордук-зомбулук, коркутуу, уруп-согуу болбогонун, алар өз ыктыяры менен тигүү цехинде иштеп, жашап, ошол жерден тамак жасап жатышканын, өз убагында айлык маяналарын алып жүрүшкөндүгүн билдиришкен.

Ошондой эле аларга денелеринде күч колдонуудан же башка нерседен алган жаракаттары бар же жогун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, котормочунун катышуусунда алар күбө катары көрсөтмөлөрү алынган.

Бүгүнкү күндө дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундулары даяр боло элек.

Учурда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан