
Бишкекте кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-мартта саат 18:30 чамасында Бишкектин Ленин районуна караштуу Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ал жерге бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 19:33тө толук өчүрүлгөн.
Кафенин ашканасындагы 20 чарчы метр буу сордургучу күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдары такталууда.